Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бээрманов: бетиндеги бырышты кетирем деп операцияга келгендер көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековХирург пластической реконструктивной микрохирургии и хирургии кисти национального госпиталя Керим Бээрманов
Хирург пластической реконструктивной микрохирургии и хирургии кисти национального госпиталя Керим Бээрманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын пластикалык реконструкциялоо микрохирургиясы жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керим Бээрманов өз эрежеси менен сулуулук үчүн жасалган пластикалык операциялардын ден соолукка зыяны жок экенин айтты.
Бээрманов: бетиндеги бырышты кетирем деп операцияга келгендер көбөйдү

Бетиндеги бырышты кетирем деп операцияга келгендердин көбү 30-35 жаштагы кыз-келиндер. Бул тууралуу Керим Бээрманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер зарылчылык жаралса пластикалык операцияны коркпой эле жасата берсе болот.

"Кулак, мурундарын түздөтүп, өздөрүнө жаккандай кылып операция жасаткан улан, кыздар көп эле. Акыркы убакта көзүнө европалыктардыкындай сурма чыгарууну каалагандар көбөйдү. Ошондой эле кыз-келиндер 30-35 жаштан өткөн соң, бетине түшө баштаган бырышты операция жолу менен алып салууну каалашат. Биз аларга кеп-кеңешибизди берип, бир нече ирет сүйлөшкөндөн кийин гана операциянын алдында саламаттыгын текшертип келүүгө жиберебиз", — деди Бээрманов.

Ал аталган госпиталда пластикалык операциялардын бардык түрлөрү жасалаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0