Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ормонбекова: кош бойлуу аял 12 жумага чейин каттоого турушу шарт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекова. Архив
Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекова дарыгердин көзөмөлүндө жүргөн кош бойлуу аялдын төрөтү жеңилирээк өтөрүн айтты.
Ормонбекова: кош бойлуу аял 12 жумага чейин каттоого турушу шарт

Кош бойлуу экенин билген аял 12 жумага чейин каттоого турушу шарт. Бул тууралуу Наргиза Ормонбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым боюнда бар келиндер каттоого турбай, врачтын кеңешин укпай жатып төрөт учурунда баласынан ажырап калат.

"Көз жара турган аялдын врачтын көзөмөлүндө болуп, төрөтканадан каттоодон өтүшү абдан маанилүү. Тилекке каршы, бул нерсеге көп маани бере бербеген да болочок энелер бар. Кош бойлуу экенин билген аял 12 жумага чейин каттоого турушу шарт. Каттоодон өткөндөрдүн төрөтү жеңилирээк болуп, врачтын берген кеңештери өзүнүн да, баласынын да ден соолугуна оң таасирин тийгизет", — деди акушер-гинеколог.

Ормонбекова өткөн жылы аялдардын үйдөн жана жайлоодон көз жарган 1197 учур катталгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0