Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманова: организм 18 жаштан баштап төрөгөнгө даяр болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовДарыгер, акушер Минагүл Сулайманова. Архив
Дарыгер, акушер Минагүл Сулайманова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер, акушер Минагүл Сулайманова 18 жашка чейинки кыздардын төрөгөнү өзү үчүн да, баласы үчүн да кооптуу экенин айтты.
Сулайманова: организм 18 жаштан баштап төрөгөнгө даяр болот

14-15 жашта кыздар жетиле баштайт. Ал эми төрөгөнгө организм 18 жаштан баштап даяр болот. Мындай пикирин Минагүл Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыздар балалык курактан өтүп, эне болууга даяр болгондо гана балалуу болуш керек.

"Негизи 14-15 жашта кыздардын этек кири келип, балалык курактан өтө баштайт. Бул куракты эне болууга даярдануу маалы деп койсок да болот. Азыркы кезде 15-16 жаштагы кыздар төрөп жатат. Бирок бул нерсе баласы үчүн да, өзү үчүн да кооптуулук жаратат. 18 жаштан баштап гана организм төрөөгө даяр болот", — деди Сулайманова.

Ал төрөттүн аралыгы кеминде эки жыл болушу шарт экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0