Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы коомдук фондусунун президенти Элдияр Тентимишов

Тентимишов: 10 мамлекеттин ашпозчулары өнөрүн тартуулайт

67
(жаңыланган 13:45 14.08.2018)
"Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы" коомдук фондусунун президенти Элдияр Тентимишов чет элдик ашпозчулар көчмөндөрдүн тамагын даярдоого кызыкдар экенин маалымдады.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюнунун алкагында "Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы" аталышындагы биринчи эл аралык фестиваль өтөт. Ага 10 өлкөнүн ашпозчулары жана 15 мамлекеттин өкүлү катышат. Бул тууралуу Элдияр Тентимишов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чаранын максаты — ашпозчулардын деңгээлин көтөрүү.

"Азыркы кезде фестивалга 10 мамлектеттен ашпозчулар келери белгилүү болду. Андан сырткары, 15 өлкөдөн өкүлдөр келип, ал жерде жасалган тамактарга баа беришет. Жалпы 50-60тай ашпозчу өнөрүн тартууласа, алардын 10у кыргызстандык. Жергиликтүү ашпозчуларды тандоо кызуу жүрүп, өлкөбүздөгү тамакты мыкты даярдаган адистер тандап алынды", — деди фестивалдын президенти.

Тентимишов иш-чарада жасалган тамак-аш Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучуларына берилбей турганын баса белгиледи.

67
Белгилер:
ашпозчу, тамак-аш, фестиваль
Тема боюнча
Кулмендеев: "Мөңгү" кинофорумунда тасмалар ачык асман алдында көрсөтүлөт
Пикирлер