Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баймурзаев: мугалимдер кыскарганы менен окутуу сапаты жогорулайт

© SputnikНачальник управления бюджетной политики и финансового анализа Министерства образования и науки Мухтарбек Баймурзаев
Начальник управления бюджетной политики и финансового анализа Министерства образования и науки Мухтарбек Баймурзаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин бюджет саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев жаңы окуу жылынан баштап сааттык жүктөмдөрдү туура бөлүштүрүү системасы ишке кирерин айтты.
Баймурзаев: мугалимдер кыскарганы менен окутуу сапаты жогорулайт

Сааттык жүктөмдөрдү туура бөлүштүрүүдө мугалимдер кыскарганы менен окуу сапаты жогорулайт. Болбосо өзгөчө айыл жергесинде бир-эки мугалим өтүүчү сабактар беш-алты окутуучуга бөлүнүп кеткен. Мындай пикирин Мухтарбек Баймурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай кадамдар өкмөттүн токтомуна ылайын жүргүзүлүүдө.

"2011-жылы мугалимдердин маянасын төлөө боюнча жаңы сааттык система киргизилген. Бирок мугалимдерге сааттар нормативдик акт менен бөлүштүрүлгөн эмес. Натыйжада мектеп администрациясы сабактарды окутуучулар арасында каалагандай майдалап бөлө беришкен. Өзгөчө айыл мектептеринде бул жакшы байкалат. Мектеп директорлору жок деп айта албай эле келген мугалимдин барына беш, алты сааттан кылып саат бере берген. Эми жаңы токтомдун негизинде бул нерселер жоюлат. Аз саат менен иштеген мугалимдер кыскарганы менен ошол сабакты көп жылдан бери окутуп жүргөн тажрыйбалуу адистер калат. Алардын сааты көбөйүп, айлык акысы жогорулайт. Бул өз кезегинде билим берүүнүн сапатын арттырат", — деди Баймурзаев.

Ал кыскарууга туш болгон мугалимдер адистигин жогорулатуу боюнча курстардан өтүп, билим берүүнүн башка багыттарында иштесе болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0