Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байымбетов: эски күүлөрдү жаңыча форматта иштеп чыктык

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов. Архив
Кыргыз кайрык долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов "Кыргыз кайрык" музыкалык лагери биринчи жолу өтүп, анда эски күүлөр жаңыланган форматта иштелип чыкканын айтты.
Байымбетов: эски күүлөрдү жаңыча форматта иштеп чыктык

"Кыргыз кайрык" музыкалык лагеринин алкагында кыргыздын салттуу музыкасы менен заманбап классикалык обондор айкалышып, жалпы 10 чыгарма жаралды. Бул тууралуу Айбек Байымбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чара жети күнгө созулуп, 14 киши катышкан.

"Бул долбоор эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өттү. Анда мыкты делген композиторлор 14 катышуучу менен өз тажрыйбасын көрсөтүп берди. Жети күн ичинде жалпы 10 чыгарма жаралды. Катышуучулар кыргыздын салттуу музыкасы менен заманбап классикалык обондорду айкалыштырып, жеке жана чыгармачыл топ менен аткара турчу күүлөрдү жаратышты. Кыргызстан үчүн жаңы музыкалык жанр пайда кылсакпы деп ойлоп жатабыз. Бирок өзөгүндө албетте улуттук музыканын данеги жатат", — деди Байымбетов.

Ал долбоордо жаралган чыгармалардын негизинде жакынкы айларда концерт коюларын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0