Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскат Жетиген: 15 мүнөттө бир кайрыктын өзөгүн түзүүгө жетишебиз

© Sputnik / Асель Акматалиева"Кыргыз кайрык" долбоорунун катышуучусу Аскат Жетиген
Кыргыз кайрык долбоорунун катышуучусу Аскат Жетиген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз кайрык" долбоорунун катышуучусу Аскат Жетиген салттуу музыканы заманбап стилде жандантуу улуттук музыканы байыта турганын айтты.
Аскат Жетиген: 15 мүнөттө бир кайрыктын өзөгүн түзүүгө жетишебиз

Кайрыктарды жаратууга кеткен убакыт чыгармачыл эргүүгө жана талантка байланыштуу. 15 мүнөттүн ичинде бир кайрыктын өзөгүн түзүп койсо болот. Бул тууралуу Аскат Жетиген Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, июль айында Ысык-Көл аймагында салттуу музыканы жандантуу максатында "Кыргыз кайрык" деп аталган иш-чара болуп өткөн.

Анын айтымында, аталган долбоордо бир кайрыкты иштеп чыгууга жарым саат убакыт берилген.

"Мен кесиптештерим менен бирге заманбап стилде иштейм. Негизи чыгармачылык топ менен отурганда бир кайрыкты 15 мүнөттө иштеп чыгып, өзөгүн түзүүгө жетишкенбиз. Мындай учурда ал композиция кимдир-бирөөнүн гана жеке эмгеги болуп калбайт. Биргелешип жараткан кайрыктарга ар бир музыкант автор болуп эсептелет. Ал эми "Кыргыз кайрык" долбоорунда жарым саат убакыт берилип, бул аралыкта пайда болгон кайрыкты толуктап, көлөмдүү чыгарма кылып жаздык", — деди катышуучу.

Ал музыкалык лагердин Ысык-Көл жергесинде өткөндүгү катышуучуларга өзгөчө дем бергендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0