Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: элдин колунда бир эле бийлик бар. Бул — шайлоо укугу

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков коомчулуктун маданиятын жогорулатууда интеллигенция аракет кылбай жаткандыгын айтты.
Кадырбеков: элдин колунда бир эле бийлик бар. Бул — шайлоо укугу

Элдин колунда бир эле бийлик бар. Бул — шайлоо укугу. Элибиз учурда аны да туура колдоно албай жатат. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет интеллигенциянын жардамы менен коомдун маданиятын көтөрүү багытында иш алып баруусу зарыл.

"Биринчи кезекте жарандарда жоопкерчилик, саясий маданият болушу керек. Бул өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң шарт түзөт. Анткени элдин колунда бир эле бийлик бар. Бул — анын шайлоо укугу. Учурда элибиз бул укугуна кайдыгерлик менен карап, күнүмдүк кызыкчылыктардын курмандыгына айлантууда. Мисалы мыйзам бузганда алгач эле жең ичинен бүтүрүүгө шашылабыз. Шайлоолордо эртеңибизди ойлобой тандайбыз да кайра өзубүз нааразы болобуз. Айтор бул илдеттен арылган күндө гана мамлекет өнүгөт. Ал эми арылуу үчүн саясатчылар, бизнесмендер эмес, интеллигенция аракетке келиши керек", — деди Кадырбеков.

Ал учурда бирөөнү курулай сындоо жаман адаты да кенен жайылып баратканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0