Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Монолов: орган алмаштырууга дарыгерлер даяр, эми саясий эрк керек

© Sputnik / Максат ЭлебесовУлуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов
Улуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов жергиликтүү медицинада каражат маселесинен да заманбап системанын жоктугу көйгөй жаратып жаткандыгын айтты.
Монолов: орган алмаштырууга дарыгерлер даяр, эми саясий эрк керек

Коомчулук ата-мекендик дарыгерлер бөйрөк, боор алмаштыра албайт деген пикирде. Жок, органдарды трансплантациялоого дарыгерлер даяр, бирок саясий эрк керек болууда. Мындай пикирин Нурбек Монолов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз медицинасынын иштөө системасын жаңылоо керек.

"Бөйрөктү же боорду алмаштырып берип коюу көйгөй эмес. Аны биздин дарыгерлер бүгүн эле жасап кое алышат. Бирок органды алмаштыруу үчүн текшерүүлөрдөн өтүүгө лабораториялар жок. Операциядан кийин ичилчү кымбат дарылар өлкө аймагында сатылбайт. Мунун баарын жасоого каражаттан мурда саясий эрк керек. Биздин тиешелүү аткаминерлерибиз мыйзамдарды ылайыкташтырып, медицина тармагына умшоого буйрук берсе, маселе алдыга жылат эле. Биз медицинаны өнүктүрүү үчүн жалпы системаны дүйнөлүк стандарттарга тууралап, жаңыдан иштеп чыгышыбыз керек", — деди Монолов.

Ал улуттук госпиталдын дарыгерлери байма-бай чет мамлекеттерге чыгып, квалификациясын жогорулатып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0