Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымова: кыскарган 3000 мугалим жумуш менен камсыздалат

© Sputnik / Асель АкматалиеваВедущий специалист Минобразования Нурзида Касымова
Ведущий специалист Минобразования Нурзида Касымова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова мугалимдердин жумалык жүктөмүнүн негизинде быйылкы окуу жылына аз саат менен окуткан 3000 мугалим кыскарганын айтты.
Касымова: кыскарган 3000 мугалим жумуш менен камсыздалат

Быйылкы окуу жылына карата 3000 мугалим кыскартылды. Алар даярдоо курстарынан өткөн соң мектепке чейинки билим берүү тармагында, бала бакчаларда эмгектенишет. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча мектепке чейинки билим берүүдө окутуучулар жетишсиз.

"Быйылкы окуу жылына карата жалпысынан 3000 мугалим кыскартылды. Алар көбүнчө чоң шаарларда эмес, айыл жергесинде болду. Кыскартылган мугалимдердин көп бөлүгүн ардактуу эс алуудагы окутуучулар түзсө, жумалык жүктөмү 12 саатка жетпегендиги үчүн иштен алынган жаш мугалимдер сентябрь айынан баштап атайын даярдоо курстарынан өтүшөт. Республика боюнча балдар бакчасы жетишпегендиктен, биз балдарды мектепке чейинки даярдоочу атайын багытты ачканбыз. Кыскартылган мугалимдер мына ушул жерде балдарга таалим-тарбия беришет. Эч ким ишсиз калбайт", — деди Касымова.

Ал мектепке чейинки даярдык деп ачылган үч сааттык окутуу өлкө боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0