Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: 25-26-августта каалоочуларды Ысык-Көлгө акцияга чакырабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына карата көл жээгин тазалоо боюнча республикалык деңгээлде акция уюштурулуп жаткандыгын айтты.
Иманалиев: 25-26-августта каалоочуларды Ысык-Көлгө акцияга чакырабыз

25-26-августта бардык каалоочуларды Ысык-Көлгө акцияга чакырабыз. Ишембиликке жергиликтүү калк да активдүү катышат деп ойлойм. Мындай пикирин Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишембилик Балыкчы шаарынан баштап Кырчын жайлоосуна чейин жүргузүлөт.

"Көчмөндөр оюндарына карата 25-26- августта тазалык акциясын уюштуруп жатабыз. Эки күн бою Балыкчы шаарынан баштап Семеновка капчыгайына дейре аралыкты тазалайбыз. Учурда жайкы сезон аяктап калгандыгына байланыштуу таштандылар да чогулуп калды десек болот. Негизи районубуз таза эле. Жай бою мындай ишембиликтерди дембе-дем өткөрүп, Ысык-Көлдүн жээгин таза кармаганга аракеттендик. Ошентсе да эл көп болгон жерде таштанды маселеси чыгат экен. Кейиштүүсү мындай ишембиликтерге мамлекеттик кызматкерлер гана чыгып, башкалар кайдыгер карап коюп жатышат. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги долбоордун алдында жалпы каалоочуларды келип акцияга катышып кетүүгө чакырам", — деди Иманалиев.

Ал Көчмөндөр оюндарына байланыштуу Ысык-Көл районундагы ар бир үйдүн короо-жайы, бардык көчөлөр жаркырап таза болуп турушу зарыл экенин баса белгилеп, жергиликтүү калкты да тазалыкка үндөп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0