Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайнарбек кызы: элечекти энелерге белекке берүү модага айланып баратат

© Sputnik / Табылды КадырбековАссистент проекта "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" Асел Кайнарбек кызы
Ассистент проекта Кийиз дүйнө — көчмөн руху Асел Кайнарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун ассистенти Асел Кайнарбек кызы элечекти кадырлагандардын саны көбөйүп баратканын айтты.
Кайнарбек кызы: элечекти энелерге белекке берүү модага айланып баратат

Элечекти энелерге белекке берүү модага айланып баратат. Бул тууралуу Асел Кайнарбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, элечек күнүмдүк жашоодо кийип жүрүүгө да абдан ыңгайлуу.

"Элечекти илгери турмушка чыгып жаткан кызга ороп, ошол боюнча өмүрү өткөнчө башынан түшүрбөй жүрүшү керек болгон. Азыркы кезде да бул нерсеге кызыккан кыздар арбын. Бирок алар мастерлерден элечек ороонун эрежесин үйрөнүп гана кетишет. Соңку кездерде балдары апасынын туулган күнүнө же майрамдарда элечекти белек кылган учурларды көп учуратып жатабыз. Мындай көрүнүш баарына жагымдуу маанай тартуулайт", — деди Кайнарбек кызы.

Ал элечек — энеликтин символу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0