Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бээрманов: микрохирургияда дүйнө медицинасын таң калтырган иштерибиз бар

© Sputnik / Табылды КадырбековХирург пластической реконструктивной микрохирургии и хирургии кисти национального госпиталя Керим Бээрманов
Хирург пластической реконструктивной микрохирургии и хирургии кисти национального госпиталя Керим Бээрманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын пластикалык реконструкциялоо микрохирургиясы жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керим Бээрманов кыргыз дарыгерлери "Дүйнөлүк микрохирургия атласы" деген китеп чыкканын айтты.
Бээрманов: микрохирургияда дүйнө медицинасын таң калтырган иштерибиз бар

Микрохирургияда дүйнөнү таң калтырган эмгектерибиз бар. Булар өзгөчө күйүктөн кийинки, түрдүү кырсыктардан улам же төрөлгөнүнөн кандайдыр бир терисинде кемчиликтери бар бейтаптарга жасалган операциялар. Бул тууралуу Керим Бээрманов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай операцияларды жасоого заманбап техниканын жетишсиз экенине карабай, жергиликтүү микрохирургдар ийгиликтерди жаратышууда.

"Биздин хирург дарыгерлер ар тараптан дүйнөлүк кесиптештерин таң калтырып келишет. Улуттук госпиталдын дарыгерлери жасаган реконструкциялык операциялар да булардын катарында. Заманбап техникалары бар туруп, бизде жасалган операцияларды жасай албаган өлкөлөр көп. Мындан сырткары, профессор Мырзабек Макеевдин жетекчилиги астында "Дүйнөлүк микрохирургия атласы" деген китеп чыгарганбыз. Бул эмгегибизди да чет элдик кесиптештерибиз жогору баалады", — деди Бээрманов.

Ал ошондой эле кыргыз микрохирургдары дүйнөдөгү түрдүү кесиптик жыйындарда жетекчилик кылып, активдүү катышып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0