Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: шаар тургундарына караганда айылдыктар салыкты эрте төлөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-секретарь ГНС КР Эркин Сазыков
Пресс-секретарь ГНС КР Эркин Сазыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков ушул жылдын 1-сентябрына чейин жер, үй, унаа салыгын төлөп бүтүрүү керектигин эскертти.
Сазыков: шаар тургундарына караганда айылдыктар салыкты эрте төлөйт

Айыл калкы шаардыктарга салыштырмалуу салыкка жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салыкты кечиктирип төлөгөн жарандардын көптүгү жагынан Бишкек шаары жана Чүй облусу алдыда.

"Шаарларда салыкты төлөө мүмкүнчүлүгү арбын. Интернет банкинг, электрондук капчыктар, атайын терминалдар, банк, почта кызматтары. Учурда айылдарга да төлөө терминалдары коюлуп жатат, бирок ага чейин эле элеттиктер салык төлөөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылганы билинчү. Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайты аркылуу төлөм жүргузүүнү да көбүнчө аймакта жашагандар колдонот. Биздин сайт аркылуу жарандар бир эле салык төлөп эмес, салык кызматкерлери менен байланышып, башка да көптөгөн керектүү маалыматтарга ээ боло алышат", — деди Сазыков.

Ал жарандарды ушул жылдын 1-сентябрына чейин төлөнбөгөн салыктарга 2000 сом айып пул чегерилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0