Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишенапысова: эмдөө кызамык оорусунун алдын алат

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова. Архив
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кызамык оорусу менен улгайган же орто муундун өкүлдөрү эмес, жаш балдар ооруп жатканын айтты.
Ишенапысова: эмдөө кызамык оорусунун алдын алат

Эмдөө кызамык оорусунун алдын алат. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эмдөөдөн баш тарткандар кызамык оорусуна бат чалдыгат.

"Бүгүнкү күндө бул илдетке чалдыккандардын 45 пайызы бир жашка чейинки бөбөктөр. Кызамык оорусу менен 35-40 жаштагы жарандар дээрлик оорубайт. Анткени Советтер Союзунда ата-энелер жоопкерчиликти сезип, баары балдарын эмдөөдөн өткөрүп келишкен. Учурда, тилекке каршы, ар кандай түшүнүктөрдөн улам эмдөөгө макул болбогон ата-энелер көбөйүп баратат. Бирок анын залакасы балдарына тийип келет", — деди Ишенапысова.

Ал соңку алты айдын ичинде кызамык оорусуна чалдыккан 335 бала катталгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0