Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбеталиева: туристтер арасында Соң-Көл өтө популярдуу болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист по маркетингу ассоциации "Туризм для общества" Айша Мамбеталиева
Специалист по маркетингу ассоциации Туризм для общества Айша Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева Талас жана Баткен облустары туризм тармагында жакшы өнүкпөй жаткандыгын айтты.
Мамбеталиева: туристтер арасында Соң-Көл өтө популярдуу болууда

Туристтер арасында соңку жылдары Соң-Көл өтө популярдуу болууда. Башка аймактарга караганда инфраструктурасы жогору болгондуктан, жергиликтүү калктын да туристтерди кабыл алууга кызыгуусу күч. Бул тууралуу Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Аксайдагы Көл-Суу көлү да быйыл чет элдик туристтердин көңүлүн өзгөчө бурду.

"Бизде туристтик жайлар көп. Ош, Жалал-Абад облустарында канчалаган туристтерге кызык болчу жерлер ачылбай жатат. Инфраструктуранын жоктугунан ал жактарга эч ким барбайт. Соң-Көлгө барууга бир аз шарт болгондуктан, туристтер келип жатышат. Чет элден келген ар бир турист бул түгөнбөгөн жарнама десек болот. Алар сүрөткө тартып, маалымат жазып отуруп эле интернет аркылуу башка да туристтер тартылууда. Кыргызстанга активдүү саякатты сүйгөн туристтер көп келишет. Бизде бардык облустарда аймактык туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жогору, бирок Талас менен Баткен облустары бул жаатта өтө жай өсүүдө", — деди Мамбеталиева.

Ал жергиликтүү саякатчыларга караганда сырттан келген туристтер жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0