Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакыпбекова: өзбек актерлорунун жөнөкөйлүгүнө баа бердим

© Sputnik / Табылды КадырбековПродюсер фильма "Делбирим" Паризат Жакыпбекова
Продюсер фильма Делбирим Паризат Жакыпбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Продюсер Паризат Жакыпбекова залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылган тасманын премьерасы декабрь айында боло турганын айтты.
Жакыпова: өзбек актерлорунун жөнөкөйлүгүнө баа бердим

Өзбек актёрлору "жылдыз" оорусу деген нерсени билбейт экен. Бул тууралуу Паризат Жакыпбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тасма кыргыз-өзбек эки элдин ортосунда тартылса да бири-бирин жарым сөздөн түшүнүп, тартуу учурунда түшүнбөстүктөр жаралган эмес.

"Буюрса тасманы тартуу иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Эми монтаждан кийин кинонун кандай болгону маалым болот. Бул долбоордо дээрлик бир жарым жыл иш алып баргандыктан, тартуу учуру график боюнча кетип жатты. Өзбекстанда да, Кыргызстанда да чоң деле көйгөйлөр жаралган жок. Өзбек эли актёрлорун абдан сыйлап, жада калса колундагы нанын берүүгө да даяр экен. Мен өзбек актёрлорунун жөнөкөйлүгүнө баа бердим", — деди продюсер.

Ал аталган долбоор эки элди ынтымакка, биримдикке чакырганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0