Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чойтонбаев: мамлекет бизге эмес, биз мамлекетке жардам беришибиз керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЧастный предприниматель Улан Чойтонбаев
Частный предприниматель Улан Чойтонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке ишкер Улан Чойтонбаев Ысык-Көл жергесинде туристтер үчүн эс алуучу шаарча ачып, 15 адамды жумуш менен камсыз кылгандыгын айтты.
Чойтонбаев: мамлекет бизге эмес, биз мамлекетке жардам беришибиз керек

"Мамлекет мен үчүн эмне кылды эмес, мен мамлекет үчүн эмне кылдым?" деген суроону ар бир жаран өзүнө бериш керек. Бул тууралуу Улан Чойтонбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ийгилик сырлары" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ийгиликке жетүүнүн бирден-бир сыры — мекенге болгон сүйүүнүн күчтүүлүгүндө.

"Ар бир адамдын "мекениме пайдам тийсе экен" деген ниети болушу зарыл. Ийгиликке алып барчу жолдун бири – мекенчилдик. Өлкөбүздү сүйүп, колдон келишинче өнүктүрүүгө салым кошушубуз керек. Бир топ жылдан бери чет жерде жүрүп, Кыргызстан эмнеге ушундай болуп өнүгө албайт деп ойлонот экенсиң. Санаалаштар, максаты бир кишилер бириксе чоң жумуштарды бирге жасаса болот. Ааламга жол айылдан башталат демекчи, ар бир атуул айылдарына ишкана ачса канча деген айылдаштар иш менен камсыз болот эле. Мен да туулган жериме аз да болсо салымымды кошоюн деп эс алуучу шаарча ачып, 15 адамды жумуш менен камсыздоого командам менен бирге жетиштим. Мамлекет бизге эмес, биз мамлекетке жардам беришибиз керек", — деди жеке ишкер.

Ал жумушчуларына ай сайын 15 миң сомдон төлөп турарын жана бул сумма айыл жергеси үчүн жакшы эле каражат экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0