Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исакова: ата-энелер фондусуна мектеп администрациясынын киришүүгө акысы жок

© Sputnik / Асель АкматалиеваБишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова. Архив
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова мектептердеги ата-энелер фондусунун ишмердүүлүгү ачык болушу керектигин айтты.
Исакова: ата-энелер фондусуна мектеп админстрациясынын киришүүгө акысы жок

Ата-энелер фондусуна мектеп администрациясынын киришүүгө акысы жок. Алар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, мыйзамдын негизинде иш алып барышат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты мугалимдердин айлык маянасына жана коммуналдык кызматтарына төлөнөт.

"Мамлекеттик бюджет бөлгөн каражат мектептерди толугу менен камсыздоого жетпейт. Андыктан ата-энелер фонду түзүлүп, мүмкүнчүлүгү бар, каалаган ата-энелер кириши керек. Алар чогулткан каражат мектептин материалдык окуу базасын чыңдоого жумшалат. Мектеп ремонтуна бюджеттен ар бир окуучуга 100 сомдун тегерегиндеги сумма бөлүнөт. Бирок кээ бир мектептерде бул жетишсиз болгондуктан, ошол фонддун акчасынан да жумшалат. Ата-энелер фондусуна мектеп администрациясынын киришүүгө акысы жок. Фонд өз уставынын негизинде, коммисиянын кароосу менен иш алып барат", — деди Исакова.

Ал Бишкек шаарында фонддон сырткары мектеп жамааты ата-энелерден акча сураган учурда мэриянын Билим берүү башкармалыгынын 0 (312) 61-39-72 ишеним телефонуна кайрылуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0