Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калмаматов: Көчмөндөр оюндары учуруна бардык дары-дармектер жетиштүү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующий отделом первичной медико-санитарной помощи Минздрава КР Кубанычбек Калмаматов
Заведующий отделом первичной медико-санитарной помощи Минздрава КР Кубанычбек Калмаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов Көчмөндөр дүйнөлүк III оюндарына дарыгерлер толук даяр экенин айтты.
Калмаматов: Көчмөндөр оюндары учуруна бардык дары-дармектер жетиштүү

Көчмөндөр оюндарында керек учурда токтоосуз алгачкы жардамды көрсөтүүгө даярбыз. Бул тууралуу Кубанычбек Калмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара учурунда медициналык биринчи жардам бейтаптын жарандыгына карабай акысыз көрсөтүлөт.

"Учурда Көчмөндөр оюндарына толук кандуу даярбыз деп айта алам. Алгачкы жардам көрсөтүүгө керектелчү дары-дармектер жетиштүү түрдө алынды. Жеринен иш алып барчу дарыгерлер да толук даярдыкта турушат. Кырсык болбой эле койсун, бирок андай учурда бейтапты Ысык-Көл аймактык ооруканасы кабыл алат. Ал үчүн бүт шарттар каралган. Мындан сырткары, жарандардын тамак-ашка ууланып калбашы үчүн Санэпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен тыгыз иш алып барабыз", — деди Калмаматов.

Ал иш-чара учурунда жеринен тамак сатып алып жегенде өтө кылдат болуп, сатуучулардан тиешелүү уруксат кагаздарын талап кылуусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0