Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кожобеков: быйыл гранттык орундар дээрлик толду

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков
Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков жогорку окуу жайлар быйылкы окуу жылына толугу менен даяр экенин айтты.
Кожобеков: быйыл гранттык орундар дээрлик толду

Быйылкы жылы былтыркыдан айырмаланып гранттык орундар дээрлик толду. Бул тууралуу Кудайберди Кожобеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыр 400дөн ашуун бюджеттик орун бош калган.

"Республика аймагында жалпысынан 63 ЖОЖ бар, анын 31и мамлекетке таандык, калганы жеке менчик. Учурда бардыгы 2018-2019-жаңы окуу жылына даяр. Быйыл гранттык орундар да толду. Айрым гана факультеттерде 4-5тен орун калып калбаса, бардык бюджеттик орундар өз ээсин тапты. Былтыр педогогикалык жаатта 400дөн ашуун бюджеттик орун бош калган эле, быйыл мындай көрүнүш жок", — деди Кожобеков.

Ал бардык студенттерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, окуудагы жетишкендиктерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0