Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраев: алгачкы жардам көрсөтүү эрежелерин сегиз саатта өздөштүрүүгө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыктыруучусу Атай Ибраев. Архив
Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыктыруучусу Атай Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыктыруучусу Атай Ибраев адам кырсыкка кабылган учурда ага көрсөтүлгөн биринчи жардам өмүрүн сактап калышы ыктымалдыгын айтты.
Ибраев: алгачкы жардам көрсөтүү эрежелерин сегиз саатта өздөштүрүүгө болот

Алгачкы жардам көрсөтүү эрежелерин сегиз саатта үйрөнсө болот. Бул тууралуу Атай Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Улуттук кызыл ай коому тарабынан алгачкы жардам тууралуу окутуу программасынын кыскартылган варианты даярдалган.

"Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча интернетте жарыяланган маалыматтардын көпчүлүгү туура эмес. Ошондуктан биз даярдаган сабактарды сунуштайбыз. Аны үйрөнүү үчүн болгону сегиз саат талап кылынат. Бул эң оптималдуу программа", — деди машыктыруучу.

Ибраев ар кандай иш-чаралар учурунда да кызыккандар үчүн мастер-класстар өтүлүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0