Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азарбеков: сатуучу товарды кайтарып алуудан баш тартса биз менен байланышыңыз

© Sputnik / Асель АкматалиеваВедущий специалист Антимонопольного ведомства Аскат Азарбеков
Ведущий специалист Антимонопольного ведомства Аскат Азарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Аскат Азарбеков сатуучу менен кардардын укугу мыйзам чегинде бирдей корголорун айтты.
Азарбеков: сатуучу товарды кайтарып алуудан баш тартса биз менен байланышыңыз

Кардар жакпай же туура келбей калган буюмду 14 күндүн ичинде сатуучуга кайтарып берүүгө укуктуу. Эгер сатуучу товарды кайра алуудан баш тартса бизге кайрылыңыздар. Бул тууралуу Аскат Азарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

"Эгер алынган буюм сизге жакпай калса аны кайтарып берүүгө толук укугуңуз бар. Бирок товарды тастыктаган чеги же ортодо түзүлгөн келишим болуусу зарыл. Мындай тиешелүү докмуенттерди ар бир кардар дүкөндөрдөн, базардагы сатуучулардан талап кыла алат. Эгер сатып алынган товар сизге туура келбей же сиз каалаган буюмдан башкасы болуп чыккан учурда аны алган күндөн баштап 14 күн аралыгында кайтарыңыз. Сатуучу кайра артка албаса биздин кызматка кайрылсаңыздар болот. Ал үчүн биздин расмий сайтка арыз калтырып же 0701 56-33-05 Whatsapp номерине же 0 (312) 56-33-05 номерине чалсаңыздар болот", — деди Азарбеков.

Ал ошондой эле кээде айрым кардарлар укугунан ашкере пайдаланып, алган товарын бир аз колдонуп анан кайра кайтарып берүү максатында сатып алышаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0