Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшеев: жер титиреген учурда лифтке түшүү кооптуу

© Sputnik / Асель АкматалиеваМастер-тренер по первой доврачебной помощи Замир Дуйшеев
Мастер-тренер по первой доврачебной помощи Замир Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча башкы машыктыруучусу Замир Дүйшеев жер титирегенде адам өзүн жоготпой, кырдаалдан чыгуунун жолун издеш керектигин айтты.
Дүйшеев: жер титиреген учурда лифтке түшүү кооптуу

Жер титиреген учурда көп кабаттуу үйдүн жашоочулары сыртка чыга турган болсо лифтке түшпөй, тепкич менен чыгышы керек. Бул тууралуу Замир Дүйшеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жер силкинген маалда лифт иштебей калышы толук ыктымал.

"Албетте мындай учурда адам өзүн жоготуп, эмне кыларын билбей калышы мүмкүн. Бирок ошентсе да канткенде жанын сактап калаарын ойлонушу керек. Эгер көп кабаттуу үйлөрдө жашаса жер силкинген учурда лифт эмес, тепкич менен түшүү зарыл. Себеби лифт иштебей калышы ыктымал. Ошондой эле өтө муктаждык болбосо жер титиреген учурда ширеңке күйгүзүү да коопту", — деди башкы машыктыруучу.

Ал жер титиреген маалда ызы-чуу салбаганга аракет кылуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0