Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саматов: казак көк бөрүчүлөрүнө аттарды келээри менен бергенбиз

© Sputnik / Алия СамидинКөк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов. Архив
Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак көк бөрүчүлөрү мелдеш башталганда аргымактарды минип турушканын Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов айтты.
Саматов: казак көк бөрүчүлөрүнө аттарды келээри менен бергенбиз

Казакстандын көк бөрүчүлөрүнүн уюштуруучулар ат бербей койду деген жүйөөсү чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Жыргалбек Саматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бардык командаларга бирдей шарт түзүп берген.

"Өзүңөр билгендей Кыргызстандан башка 10 команда ойноп жатат. Баарына жеткен ат Казакстанга жетпей калмак беле?.. Алар аты жок келе жатканын бизге 1-сентябрь күнү айтышты. Ат берүү жободо жазылгандыктан эч меселе жок келээри менен бергенбиз. Мелдеш башталганда аргымактарды минип эле турушкан. Биринчи оюндар бүтүп, алардын кезеги келгенде чыкпайбыз дешти. Ат маселеси боюнча жеке өзүмө айтышкан жок. Мен аны социалдык тармактардан окуп жатам", — деди Саматов.

Ошондой эле Саматов калыстар коллегиясы Казакстандын биринчи айлампадагы Красноярск менен болгон беттешүүсүнө эртең чыгууга уруксат бергенин айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин көк бөрү оюнунда Казакстандын командасы оюнга чыгуудан баш тартып, башкы машыктыруучу Каганат Сүйбаев кыргыз тарап берген аргымактар купулга толбой калгандыктан мелдешке чыкпаганын түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0