Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байматов: белдин грыжасы остеохондроздон улам пайда болот

© Sputnik / Асель АкматалиеваВрач отдела нейрохирургии Нацгоспиталя №2 Абазбек Байматов
Врач отдела нейрохирургии Нацгоспиталя №2 Абазбек Байматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын №2 нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Абазбек Байматов грыжа оорусунун алдын алуу үчүн спорт менен машыгып жүрүү керектигин айтты.
Байматов: белдин грыжасы остеохондроздон улам пайда болот

Белдин грыжасы көп учурда остеохондроздон улам пайда болот. Ал эми остеохондрозго кыймылдын аздыгы, денеге туздардын уюп калуусу себеп. Бул тууралуу Абазбек Байматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаш келиндердин төрөттөн кийин грыжа оорусуна чалдыгуусу көбүнчө ушул мурдатан уюган туздарга байланыштуу.

"Учурда грыжа оорусу көбөйүп, анан жашарып кетти. Анткени адамдар азыр аз кыймылдашат. Бул денеге туздун уюп калышын шарттайт. Жыйынтыгында белге күч келгенде грыжа пайда болот. Жаңы төрөгөн келиндердин жабыркаган учурлары көп болууда. Анткени алар остеохондроз болуп, байкабай жүрө беришет, кош бойлуу болгондо белине күч келет", — деди Байматов.

Ал аялдар төрөттөн кийинки пайда болгон грыжаны көп учурда төрөт процессинде ката кетти деп ойлоп жаңылышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0