Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исакова: Бишкекте 2020-жылга чейин сегиз мектеп курулат

© Sputnik / Асель АкматалиеваБишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова шаарда мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөйгө айланып жатканын айтты.
Исакова: Бишкекте 2020-жылга чейин сегиз мектеп курулат

Бишкек шаарында 2020-жылга чейин сегиз жаңы мектептин курулушу күтулүүдө. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, курулчу мектептер Сауд Аравия өлкөсүнүн көмөгү менен салынмакчы.

"Бишкек мэриясынын 2020-жылга чейин социалдык, экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында сегиз жаңы мектептин курулушу күтүлүп жатат. Сауд Аравиясынын жардамы менен бүткөрүлө турган бул мектептер көп көйгөйдү чечет деп күтүп жатабыз. Анткени, ар жаңы окуу жылында орто эсеп менен 10 миңге жакын бала кошулуп жатат. Мисалы 2016-жылы 137 миң бала окуса, 2017-жылы 147 миң, 2018-жылы 157 миңге жетти", — деди Исакова.

Ал жыл сайын окуучулардын саны арбын болуп баратканын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0