Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева. Архивдик сүрөт

Мамбеталиева: туризмди өнүктүрөбүз деп экологияны кордоп жатабыз

62
(жаңыланган 16:59 09.09.2018)
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева республика боюнча эс алуучу жайларда таштанды маселеси чоң көйгөй жаратып жатканын айтты.

Эс алуу маданиятын үйрөнбөсөк экологиябыз кооптуу абалга келип жетти. Таштандылар кооз жерлердин көркүн эле бузбастан баалуу өсүмдүктөргө зыян алып келүүдө. Мындай пикирин Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тазалык маселесинде чет элдик туристтер, жергиликтүү саякатчыларга караганда жоопкерчиликтүү мамиле жасашат.

"Бизде соңку жылдары туризм тармагы өнүгүп келе жатат. Жергиликтүү калк да өлкө ичинде эле кооз жерлерге саякат жасаганды өздөштүрүп баратат. Бирок эс алуу маданиятын билбей келебиз. Таштандыларды каалаган жерге ыргытуу менен жаратылыштын көркүн гана бузбай, сейрек кездешүүчү, баалуу өсүмдүктөрдүн кыйроосуна өбөлгө болуп жатабыз. Тез арада эс алуучулар жана чакан туристтик бизнес ээлери бул маселени колго албаса, Кыргызстандын кооз жерлери таштанды алдында калуу коркунучу бар", — деди Мамбеталиева.

Ал эс алуу убагында таштанды ыргытпоого, жаратылышка аяр мамиле жасоого жалпы туристтерди чакырып өттү.

62
Белгилер:
экология, аймак, туризм, Айша Мамбеталиева
Тема боюнча
Мамбеталиева: Непалдай болуп калбаш үчүн массалык туризмге жол бербеш керек