Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдесова: Көчмөндөр оюндарына жалпы 82 мамлекет катышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамруководителя секретариата ВИК Айжан Абдесова
Замруководителя секретариата ВИК Айжан Абдесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары 12 багытка бөлүнүп иш алып барганын айтты.
Абдесова: Көчмөндөр оюндарына жалпы 82 мамлекет катышты

Көчмөндөр оюндарына жалпы 82 мамлекеттин өкүлдөру катышты. Бул тууралуу Айжан Абдесова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым ЖМКларда дагы да болсо көчмөндөр оюндарына 76 мамлекет катышты деген маалымат жарыяланууда.

"1-сентябрга чейинки маалыматтарга ылайык, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 76 мамлекеттин катышуусу күтүлгөн. Айрым ЖМКларда дагы да болсо эски маалымат чыгууда. Бул масштабдуу иш-чарага жалпы 82 мамлекеттин өкүлдөрү келди. Учак билеттеринин белгиленген датага жок болуп калуусу кээ бир спорт жана маданият кызматкерлеринин кечигип келишине түрткү болду. Мындан сырткары, уюштуруучулар да өз жумушун так аткарып, 12 багыт боюнча иш алып барды", — деди Абдесова.

Ал Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын башкы режиссёру Алтынбек Максутовдун аталган иш-чараны сахналаштырууда эмгеги өтө зор экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0