Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгери Бактыгүл Каримова

Каримова: мезгил алмашканда иммунитет алсырай түшөт

156
(жаңыланган 16:23 13.09.2018)
Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгери Бактыгүл Каримова тамактанууда пайдалуу витаминдерге басым жасоо керектигин айтты.

Мезгил алмашканда иммунитет алсырай түшөт. Мындай учурда оорунун организмде пайда болуу пайызы жогорулайт. Бул тууралуу Бактыгүл Каримова Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/popup/radio/ таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иммунитет түшкөн учурда организмде оору тез жугат.

"Бүгүнкү күндө кичинекей балдар көп ооруйт. Ата-энелер балдарын кандай кийинтүүнү билбейт. Эртең менен жылуу кийинтсе, күн түштө ысып кетет. Жука кийинтип койсо, баласы шамалдап калат. Ошондуктан ата-энелерди балдарын аба ырайына жараша кийинтүүгө чакырабыз. Мезгил алмашканда иммунитет да алсырай түшөт. Бул учурда оорунун организмде пайда болуу пайызы жогорулайт. Андыктан жаш балдарга витаминге бай азыктарды, жемиштерди көп жедирүү керек. Бала бакчанын тамагы витамин менен толук камсыздай албайт. Күн суук боло баштаганда ымыркайлардын мурду агып баштайт. Мындай кезде дароо дары берип, убагында дарылап калуу керек", — деди дарыгер.

Ал күз айларында кулак-мурун оорулары күч ала турганын кошумчалады.

156
Белгилер:
кулак, мурун, оору, медицина
Тема боюнча
Каримова: күзүндө кулак-мурун оорулары күч алат
Монолов: Кыргызстанда пиелонефрит оорусу күч алды