Старший мастер санитарной очистки МП Тазалык Азамат Эркинбаев

Эркимбаев: акчасын төлөп жатам деп таштандыны көчөгө ыргыткандар бар

(жаңыланган 15:20 14.09.2018)
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын Свердлов райондук тилкесинин башчысы Азамат Эркимбаев борбор калаада жер үйлөрдөн чыгарылган таштандыларга жашоочулар айына 22,50 тыйындан төлөрүн айтты.
Эркимбаев: акчасын төлөп жатам деп таштандыны көчөгө ыргыткандар бар

Таштандынын акчасын төлөп жатам деп аны көчөгө ыргыткандар бар. Биз мындай көрүнүштөргө көнүп деле калдык. Бул тууралуу Азамат Эркимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы конуштун жашоочулары таштандыларын жумасына бир жолу чогултуп, көчөгө чыгарып койсо "Тазалык" ишканасынын атайын унаасы чогултуп кетет.

"Жер үйдө жашаган шаар тургундары, жаңы конуш жашоочулары үчүн жумасына бир таштанды чогулткан унаа жөнөтүлөт. Алар иш графигине карап кыдырып, тургундар чогултуп көчөгө чыгарып койгон таштандыларды алып кетишет. Бул үчүн алар жашоочулар 22 сом 50 тыйындан төлөшөт. Бирок үйүнөн чыккан таштандыны чогултуп койбой көчөгө чачып салгандары да болот. Бир нерсе айтсаң "акча төлөп жатпаймынбы" дешет. Биз мындайларга көнүп деле калдык. Унчукпай жыйнап кете беребиз, "— деди Эркимбаев.

Ал жарандарды жашаган аймактарын таза кармоого чакырды.

Белгилер:
жоопкерчилик, көйгөй, таштандылар сакталган жай, МП "Тазалык", Азамат Эркимбаев
Тема боюнча
Эркимбаев: таштанды ыргытып, түкүргөндөр 5 миң сомго чейин айып төлөшү керек
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ЖККУнун түзүлгөн максаты уюмга мүчө-мамлекеттерди тышкы агрессиядан сактоо болгонун айтты.

Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ЖККУ чоң иштерди жасоодо

Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.

"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.

Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.

Белгилер:
коопсуздук, уюм, ЖККУ, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Медетбеков: экстремизмдин бир нече түрү бар
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

(жаңыланган 11:44 20.04.2021)
Улуттук паралимпиада комитетинин президенти Абдуалим Нишанов Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына Кыргызстан эки спорттун түрүнөн лизенция алуу ниетинде экендигин айтты.

Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Нишанов: Паралимпиадага спорттун эки түрүнөн лицензия алуу ниетибиз бар

Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.

"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.

Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.

Белгилер:
лицензия, Токио, паралимпиада
Тема боюнча
Бакиров: майып балдарды спортко тартууну колго алуу зарыл
Сокулук музыкалык мектебинин окуучусу Адинай Жумакадырова комуз белекке алды

Президенттен комуз сураган Адинай белегин алды. Сүрөт

(жаңыланган 18:57 20.04.2021)
Өзүмдүн өрүк комузум болсо деп кыялданган окуучу кыз президентке кат жазып көрүүнү чечкен. Мамлекет башчы Адинайдын өтүнүчүн жоопсуз калтырган жок.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды

Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.

Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.

"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.

Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.

Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Тема боюнча
Жапаров: Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон