Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касенов: кыргыз өнөр адамдары жоктон бар кылат

© Sputnik / Асель АкматалиеваКазахский режиссер Камат Касенов
Казахский режиссер Камат Касенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак режиссёру Камат Касенов Кыргызстанда актерлорго жетиштүү көңүл бурулбай келерин айтты.
Касенов: кыргыз өнөр адамдары жоктон бар кылат

Кыргызстандын өнөр адамдары жок нерседен мыкты эмгек жарата алат. Бул тууралуу Камат Касенов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз эли таланттарга өтө бай.

"Театр бардык жерде театр, актер бардык жерде актер. Мен үчүн казак сахнасы болобу, кыргыз сахнасы болобу, айырмасы жок. Эки өлкөдө тең чыгармачыл адамдар менен иштөө кызыктуу. Бирок бир сырды айтып коеюн, кыргыз актерлору баары бир мыкты. Жетиштүү шарттар жок болсо да мыкты делген эмгектерди жаратып келишет. Мисалы Казакстанда актердун колунда суусу калбай калса, же тартуучу аянты ысык болуп жатса, дароо ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет жасашат. Бир ролик тартуу үчүн Европадан режиссер, операторлорду чакырышат. Ал эми кыргыз эли аз эле суммага жогорку деңгээлде тартылган "Курманжан Датка" сыяктуу тасмаларды жарата алат", — деди казак режиссеру.

Ал кыргыз актерлору ЖМКлар тарабынан да колдоого муктаж экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0