Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиева: убагында тамактануу ооруларды алдын алат

© Sputnik / Асель АкматалиеваВрач-oториноларинголог национального госпиталя Калыс Бакиева
Врач-oториноларинголог национального госпиталя Калыс Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгери Калыс Бакиева эгер кулак-мурун оорулары вирустук абал менен башталса жөнөкөй дарылар берилерин айтты.
Бакиева: убагында тамактануу ооруларды алдын алат

Кыргызстан витаминдерге бай өлкө. Өз убагы менен тамактанып жана пайдалуу витаминдер бар азыктарды организмге берүү менен түрлүү ооруларды алдын алса болот. Мындай пикирин Калыс Бакиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мезгил алмашканда иммунитет алсыздап, организм витаминге муктаж боло баштайт.

"Кулак-мурун оорулары күз келип күч ала баштады. Бул ооруну деңгээлине жараша дарылоого болот. Албетте, баштапкы этаптарда дарылоо жеңил. Эгер кулак-мурун оорулары вирустук абал менен башталса жөнөкөй дарылар берилет. Катаалдашып кеткен убакта антибиотик кошобуз. Эгер андан да татаалдашып кетсе күчтүү дары-дармектер менен дарылоого туура келет. Негизи бардык эле ооруларды алдын алуу үчүн убагы менен тамактанып, пайдалуу тамак-аштарды жеш керек. Биздин өлкө витаминдерге бай. Комплекстүү витаминдерди жегенге чакырабыз. Лимонду чайга кошуп ичүүнү сунуштайбыз. Анын курамында С витамини бар. Ошондой эле бүлдүркөндүн кыямы да организм үчүн абдан пайдалуу", — деди Бакиева.

Ал интернеттеги маалыматтар боюнча дарылануу туура эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0