Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев. Архив

Ашырбаев: Бишкек ЖЭБине 120 миң тонна көмүр түшүрүлдү

83
(жаңыланган 18:37 18.09.2018)
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев Кыргызстанга чет жерден бир гана Казакстандан көмүр алып келинерин айтты.
Ашырбаев: Бишкек ЖЭБине 120 миң тонна көмүр түшүрүлдү

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБине келип түшкөн көмүрдүн көлөмү 120 миң тоннаны түздү. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы план боюнча алдыда баратабыз. Бул тууралуу Канатбек Ашырбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 2 миллион 300 миң тонна көмүр керектелет.

"2018-2019 күз-кыш мезгилине КР өкмөтүнүн токтомуна ылайык республика боюнча 2 миллион 300 миң тонна көмүр керектелет. Анын ичинде 1 миллион 83 миң тоннасы калкка, 246 миң тонна бюджеттик-социалдык мекемелерге, 1 миллион тонна Бишкек ЖЭБи үчүн каралган. Бишкек ЖЭБин карай турган болсок, бүгүнкү күнгө чейин 120 миң тоннадай көмүр келип түштү. Ага 600 миң тонна Кыргызстандан, 400 миң тонна Казакстандан алып келинет. Казак кара алтыны эми келе баштайт. Учурда пландан бир аз алдыда иш алып баруудабыз", — деди Ашырбаев.

Ал эл кар жааганга чейин көмүр сатып алышы керектигин эскертти.

83
Белгилер:
суроо-талап, кышка даярдык, көмүр
Тема боюнча
Көмүр кымбатташы мүмкүнбү? Кара алтындын баасы жана аны саткан жайлар
Кыргыз азиздер федерациясынын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева

Жүзбаева: азиз адамдарды коомдон алыстатпоо максатында федерация ачылды

12
Кыргыз азиздер федерациясынын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева көзү көрбөгөн адамдарга өз укуктарын коргоого, өз алдынча иш кылууга, адамдарга аралашууга мүмкүнчүлүк берсе коомдо өнүгүү болорун айтты.
Жүзбаева: азиз адамдарды коомдон алыстатпоо максатында федерация ачылды

Көзү азиз адамдар түрдүү туура эмес ойлорду четке кагып, коомдо ордун табууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Гүлназ Жүзбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, федерация окуучуларды акысыз алты айдын ичинде күнүмдүк жашоого керектүү бардык иштерди жасоого үйрөтөт.

"Федерацияны 2017-жылы Кыргызстанда жашаган активдүү, позитивдүү көзү азиз адамдар менен бирге түзгөнбүз. Негизги максатыбыз — көзү көрбөгөндөрдүн коомго болгон жана коомдун көзү азиздерге болгон мамилесин өзгөртүү. Учурдагы ишибиз окуучуларыбызга өз алдынча басууну, жашоону, өзүнүн жумушун өзү аткарууну, укуктарын коргоону үйрөтүү болуп саналат. Алты айлык тренингде жашоодо керек болгон усулдарды үйрөтөбүз. Анда алар биздин шарттарды аткарууга тийиш. Окутууга Кыргызстандын булуң-бурчунан келип, биринчи жолу шаардын шартында өз алдынча жашап башташат. Бул мөөнөттө Брайль арибин окуганды, компьютер, смартфон колдонгонду, таякча менен басканды жана англисче, орусча тилдерди үйрөнүшөт. Үй жумуштарын, тамак жасаганды, үй жыйнаганды үйрөтөбүз. Мындан тышкары, чуркап, сууда сүзүп, тандем велосипеддерди тээп спорт менен да машыгышат", — деди Жүзбаева.

Ошондой эле жетекчи Азиздер федерациясынын бүтүрүүчүлөрүнө иш таап берүүгө да көмөктөшөрүн кошумчалады.

12
Белгилер:
тренинг, жардам, азиз
Тема боюнча
КРде майып балдар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, ата-энелерге сунушталды
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова

Рыскулова: акысыз юридикалык жардамды онлайн дагы алса болот

21
(жаңыланган 10:58 03.12.2020)
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова кимдер акысыз юридикалык көмөк алса боло турганын түшүндүрүп берди.
Рыскулова: акысыз юридикалык жардамды онлайн дагы алса болот

Республика боюнча 28 борбордо жарандарга акысыз юридикалык жардам берилүүдө. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аны онлайн дагы алса болот. Бул тууралуу Жылдыз Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага тийиштүү мамлекеттик органдар жана студенттер көмөктөшүүдө.

"Калкка бекер юридикалык көмөк көрсөтүү боюнча декада өтүп жатат. Ал 30-ноябрда башталып, 5-декабрга чейин уланат. Аймактык юстиция башкармалыктарында 28 атайын борбор бар. Ошол жактан жарандар юридикалык консультация алышууда. Бул кызматты юристтер, жактоочулар көрсөтүп жатышат. Мындан тышкары, өнөктүккө Юстиция министрлигинин кызматкерлеринен тышкары Социалдык фонддун, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Миграция кызматынын кызматкерлери кошулуп, жарандарга юридикалык кеңеш беришүүдө. Буга кошумча, коммерциялык уюмдар менен биргеликте юридикалык факультеттин студенттери дагы бул иш-чараны уюштурууга активдүү катышты. Быйылкы эпидемиологиялык абалды эске алып, бул кызматтарды онлайн алууга да мүмкүндүк түзүлдү", — деди Рыскулова.

Ошондой эле ал аз камсыз болгон жарандарга акысыз адвокат кепилденгенин кошумчалады.

21
Белгилер:
декада, эл, юридикалык жардам
Тема боюнча
Кыргызстанда элге бекер юридикалык жардам көрсөтүү башталды
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Бороновдун жардамчысы: экс-премьер реанимацияда эмес

24
(жаңыланган 13:54 03.12.2020)
Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатат. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

Турдумамбетовдун айтымында, Бороновго коронавирус деген диагноз коюлган. Ал эми анын пневмонияга кабылганы туурасында маалыматы жок экенин белгиледи.

Экс-премьер учурда стационарда, абалы туруктуу.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

24
Белгилер:
реанимация, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Чүй менен Бишкекте азайбай койду. Коронавирус боюнча соңку маалымат