Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алыбаев: миграциялык маселелер боюнча 1977 номуруна чалыңыздар

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель директора Центра трудоустройства граждан КР при Министерстве труда, миграции и молодежи Алмаз Алыбаев
Заместитель директора Центра трудоустройства граждан КР при Министерстве труда, миграции и молодежи Алмаз Алыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев чет жерге иштегени кетип жаткан жарандар сөзсүз түрдө Мамлекеттик миграция кызматынан каттоодон өтүү керектигин эскертти.
Алыбаев: миграциялык маселелер боюнча 1977 номуруна чалыңыздар

Миграциялык маселелер боюнча 1977 номуру күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Алмаз Алыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык консультациялык борборлору Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан.

"Чет жерге иштегени кетип жаткан жарандар сөзсүз түрдө миграция кызматынан кеп-кеңеш алышы керек. Ал үчүн географиялык шарттарды карап Бишкек жана Ош шаарларында маалыматтык консультациялык борборлорду ачканбыз. Мындан сырткары, эл аралык миграция уюму тарабынан уюшулган адам сатууга каршы 1899 номуру, миграциялык маселелер боюнча 1977 кыска номери күнү-түнү иштейт. Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык жарандардын чет жерге кетип жаткандыгына байланыштуу окутуу курстары да бекитилген жана алар каттоодон милдеттүү түрдө өтүшү зарыл. Тилекке каршы, биздин жарандар чет жакка Мамлекеттик миграция кызматы аркылуу эмес, тааныш-билиш менен кетип жумушка орношууда", — деди ал.

Алыбаев чет өлкөдө КРдин жарандарын жумуш менен камсыз кылууда Россия сап башында турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0