Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абакиров: Бишкекте транспорттордон жылына 180 миң тонна түтүн бөлүнүп чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления ОАО "Гарантийный фонд" Малик-Айдар Абакиров
Председатель правления ОАО Гарантийный фонд Малик-Айдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кепилдик фонд" ААКтын төрагасы Малик-Айдар Абакиров калкты газ менен жүрүүчү коомдук транспорт менен камсыздоо үчүн автобус чыгарууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Абакиров: Бишкекте транспорттордон жылына 180 миң тонна түтүн бөлүнүп чыгат

Бишкекте жылына 240 миң тонна түтүн бөлүнүп чыкса анын 180 миңи транспортко таандык. Бул тууралуу Малик-Айдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет газ менен жүрүүчү автобустарды чыгарып, шаардын экологиясын коргой алат.

"Бишкекте жылына 180 миң тонна түтүндү автоунаалар бөлүп чыгарат экен. Бул түздөн-түз шаар жашоочуларынын ден соолугуна зыянын тийгизет. Ошондуктан өлкө өзү автобустарды чыгарып, аларды газ менен жүрө турган кылып, шаардык каттамдарга чыгарса болот. Ал автобустар акырындык менен карттык төлөө системасы менен тейленип калат. Учурда бул багытта атайын программа иштелүүдө", — деди Абакиров.

Ал газ менен жүргөн автобустар ишке кирип калса калктын капчыгына да жеңил болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0