Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керимбаев: ишкерлер мамлекеттен эч убакта акча сурабайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧастный предприниматель Авазбек Керимбаев
Частный предприниматель Авазбек Керимбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү жана жеке ишкер Авазбек Керимбаев ишкерлер үчүн салыктар боюнча жеңилдиктер каралышы керектигин айтты.
Керимбаев: ишкерлер мамлекеттен эч убакта акча сурабайт

Мамлекеттен ишкерлер эч убакта акча сурабайт. Мындай пикирин Авазбек Керимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер өзүнө керектүү каражатты өзү табат.

"Биздин өлкөдө ишкерлер өз арабасын өзү сүйрөп көнүп калган. Алар өкмөттөн жардам сураганга үйрөнгөн эмес. Өзүнүн бизнесине керектүү каражатты өзү табат. Алар мамлекеттен эч убакта акча сурабайт. Болгону мамлекет тарабынан бизнес жасоого ыңгайлуу шарттар жана салык маселеси боюнча жеңилдиктер каралышы зарыл", — деди ишкер.

Эске салсак, буга чейин Экономика министрлиги ишкерликтин кирешелүү 5 түрүн айткан эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0