Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраев: чет жерден унаа алып келүүдө бир топ көйгөйлөр бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЧастный предприниматель Рамис Ибраев
Частный предприниматель Рамис Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү жана ишкер Рамис Ибраев Кыргызстанда чет өлкөлөр менен иштеген логистикалык компаниялардын саны 10дой экенин айтты.
Ибраев: чет жерден унаа алып келүүдө бир топ көйгөйлөр бар

Чет жерден унаа алып келүүдө бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Бул тууралуу Рамис Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерликке байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек.

"Мамлекет тарабынан бекитилген ишкерлик боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл. Бизнес жасоого ыңгайлуу, пайдалуу, ишкерлерге жардамы тийчү шарттар түзүлсө жакшы болот эле. Мисалы чет жерден унаа алып келүүдө бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Кыргызстандагы 20-25 тонналык жүк ташыган унаалардын эскилиги жетти. Аларды жаңыртыш үчүн Германия жана Кытайдан лизинг аркылуу ташуу ыңгайсыз болууда", — деди Ибраев.

Ал буга чейин ишкерлик боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар киргизилип келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0