Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: аластап, кара жорго бийлеп француздарды таң калтырдык

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент кыргызской диаспоры в Франции Канимет Жапаров
Президент кыргызской диаспоры в Франции Канимет Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциядагы кыргыз диаспорасынын президенти Канимет Жапаров француздар кыргыз маданиятына өтө кызыгаарын айтты.
Жапаров: аластап, кара жорго бийлеп француздарды таң калтырдык

Аластап, кара жорго бийлеп француздарды таң калтырдык. Аларга аластоо салты абдан кызык болду. Бул тууралуу Канимет Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, франциялыктарды кыргыздардын салт-санаасы, улуттук кийимдери өзүнө тартат.

"Нооруз майрамы эле. Сүмөлөк жасай алган жокпуз, бирок улуттук кийимдерди Кыргызстандан алдырып, улуу эжелерибизге арча берип, аластаттык. Француздар абдан кызыгып, маанисин сурашты. Арчанын түтүнү абаны тазалап, медициналык жактан пайдалуу экенин айтканыбызда ата-бабаларыбыз мунун сырын кайдан билишкенин сурап таң калышты. Эйфель мунарасынын жанында кара жорго бийлеп, улуттук кийимдердин модасын өткөрдүк. Бөтөн жерде жүрсөк да кыргыздын тарыхы, маданияты менен мактангыбыз келет", — деди Жапаров.

Ал Франциядагы кыргыз диаспорасында 100гө чукул кыргызстандык бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0