Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абакиров: Кыргызстанда жылына жүздөгөн трактор чыгаруу пландалып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления ОАО "Гарантийный фонд" Малик-Айдар Абакиров
Председатель правления ОАО Гарантийный фонд Малик-Айдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кепилдик фонд" ААКтын төрагасы Малик-Айдар Абакиров учурда өлкөгө 30 миңдей трактор керектигин айтты.
Абакиров: Кыргызстанда жылына жүздөгөн трактор чыгаруу пландалып жатат

Кыргызстанда жылына жүздөгөн трактор чыгаруу пландалып жатат. Бул техникалар алты түрдө болот. Тракторлордун 120 аттын күчүнө чейин тең келгендери бар. Бул тууралуу Малик-Айдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында лизинг менен берилген 1000-1500 даана "Белорусь" трактору бар. Бирок бул дагы жетишсиз.

"Айыл-чарба тармагына 30 миңдей трактор жетишсиз. Учурда колдонулуп жаткандарынын 80 пайызы оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул маселени колго алып, мамлекет өзү "Топоз" деген тракторлорду чыгарып баштаган. Алар эки жылда болгону 30-35 трактор чыгара алды. Ошондуктан бул маселе курч бойдон калууда. Эми "Айыл Банк" жана "Кепилдик фонд" биргеликте насыя менен каржылап, жылына жүздөгөн тракторлорду чыгарууну пландаштырып жатабыз. Алар бир түрдүү эле тракторлор эмес, кубаттуулугу 15-20 аттын күчүнө барабарынан тартып, 120 аттын күчүнө тең келген дагы техникалар болот", — деди Абакиров.

Ал мындан сырткары, айыл-чарба техникаларынын шаймандарын чыгаруу да каралып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0