Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаев: ардактуу донорлор акысыз медициналык көзөмөлдөн өтөт

© Sputnik / Асель АкматалиеваДиректор республиканского центра крови Бакыт Карабаев
Директор республиканского центра крови Бакыт Карабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев Кыргызстанда акысыз кан тапшыргандар жалпы донорлордун 2,5 пайызын гана түзөрүн айтты.
Карабаев: ардактуу донорлор акысыз медициналык көзөмөлдөн өтөт

Ардактуу донорлор акысыз медициналык көзөмөлдөн өтөт. Ошондой эле эки күндүк дем алышка чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Бакыт Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талабына жараша 1000 кишиге 40 донор туура келиши керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч төрт гана адамды түзөт.

"Өнүккөн мамлекеттерде акысыз кан тапшыргандардын саны 100 пайызга чейин жетет. Бизде тилекке каршы бул көрүнүш он пайызга төмөн. Кан берүүнү каалагандар 30 ирет акысыз же 45 жолу акы алып кан тапшырса ардактуу донор деген статуска ээ болот. Ардактуу донорлор медициналык көзөмөлдөн акысыз өтүүгө жана эки күндүк дем алыш алууга укуктуу", — деди Карабаев.

Ал ошондой эле ардактуу донорлорго ай сайын 1000 сомдон берилип турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0