Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турускулов: аким, губернаторлорду жоюп салуу керек

© Sputnik / Асель Акматалиева"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов чыгымдарды азайтып, өндүрүш багытына каражат жумшоо менен өлкөнү өнүктүрүү керектигин айтты.
Турускулов: аким, губернаторлорду жоюп салуу керек

Менин пикиримде аким, губернаторлорду жоюп салуу керек. Жакында Жогорку Кеңешке өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталат, ошондо жеке пикиримди айтам. Бул тууралуу Жыргалбек Турускулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнү өнүктүрүү үчүн Сингапур, Грузия сыяктуу мамлекеттердин ыкмаларын колдонуу зарыл.

"Биз жөнөкөй тил менен айтканда төрт сом тапсак, беш сом жеп алып жатабыз. Чыгымыбыз көп. Мисалы Грузияда айыл-чарба министрлигинде 5000ден ашуун адам иштечү экен, 800үн калтырып коюшуптур. Учурда кескин түрдө өзгөртүүлөрдү жасашыбыз керек. Октябрь, ноябрь айларында бизге өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталат. Ошондо көптөгөн өзгөрүүлөр болот деп ойлойм. Жеке пикиримде аким, облус жетекчиси, губернатор деген кызматтарды жоюп салуу керек. Учурда алардын чыгымдары боюнча сурам жүргүзүүдөмүн. Мыйзам долбоору сунушталганда мен бул пикиримди айтам", — деди Турускулов.

Ал айыл өкмөттөрдүн санын азайтып, түздөн-түз премьер министр менен иштей турган кылуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0