Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаев: биз кан сатпайбыз, донордук кан бекер

© Sputnik / Асель АкматалиеваРеспубликалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев
Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык кан борборунун башкы директору Бакыт Карабаев Кыргызстанда донорлордун саны нормадан 10 пайызга аз экенин айтты.
Карабаев: биз кан сатпайбыз, донордук кан бекер

Биз кан сатпайбыз, донордук кан бекер. Болгону ошол бир доза кан жасоого кеткен чыгымдар гана төлөнөт. Бул тууралуу Бакыт Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл кан сатылат деп туура эмес түшүнүшөт.

"Башка мамлекеттерде кандын бир жолку дозасы 500 доллардан жогору турат. Ошондой эле кандан плазма, тромбоцит сыяктуу башка дагы компоненттер жасалат. Аларга өзүнчө баа коюлган. Мисалы плазма 1000 доллардан жогору. Бизде болсо кан (250 сом) менен компоненттерге (тромбоцит 1000 сом) символикалык гана баа коюлган. Бул канды сактоого жана компоненттерди жасоого кеткен чыгымдардын гана акчасы. Аны дагы Саламаттык сактоо министрлиги менен Монополияга каршы агенттиги коет", — деди Карабаев.

Ал донордук канга болгон нарк кошуна мамлекеттерде да жогору экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0