Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытов: кылмышты кантип токуп коюшары бизге маалым

© Sputnik / Табылды КадырбековИзбранный омбудсмен КР Токон Мамытов
Избранный омбудсмен КР Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Токон Мамытов бул кызматка күч тузүмдөрүндө иштеп жүргөн адамдын келиши дүйнөлүк тажрыйбада кенен колдонулаарын айтты.
Мамытов: кылмышты кантип токуп коюшары бизге маалым

Кылмыш ишти кантип токуп коюшат, башкаларга караганда биз жакшы билебиз да. Анткени, аларга аралашып, көрүп, билип иштеп жүргөнбүз. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал тууралуу маалыматы аз адамдар ар кандай түшүнбөгөн кептерди айтышууда.

"КГБнын генералы экен. Баарын атып жүрүптүр, камап жүрүптүр деген бул жөн эле пиар, көрө албастык, ич күйдүлүк. Айрымдары түшүнбөстүк кылып жатат. Кээ бирөөлөрү "ой, эртең менин укугум бузулса, кантип ушул укугумду коргосун" деп атса керек. А чынында ушул күч түзүмдөрүндө иштеп жүргөндөр сиздин укукту мыкты коргойт. Себеби, биз билебиз да, кандай учурда, кантип кылмыштарды токуп коюшат", — деди Мамытов.

Ал күч органынын өкүлдөрүнүн акыйкатчылыкты аркалоосу дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде ийгиликтүү ишке ашып келе жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0