Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскулова: үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер мамиле жасоо жакшылыкка алып барбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор кризисного центра "Сезим" Бюбюсара Рыскулова
Директор кризисного центра Сезим Бюбюсара Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова үй-бүлөлүк зомбулук басмырлоонун бир түрү экенин айтты.
Рыскулова: үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер мамиле жасоо жакшылыкка алып барбайт

Изилдөөлөргө таянсак, ар бир тогузунчу киши үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту кадимкидей эле көрүнүш катары кабыл алаары белгилүү болду. Бул тууралуу Бүбүсара Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир тогузунчу кишинин мындай пикири келечек үчүн кооптуу.

"Жакында эле үй-бүлөдө болгон зордук-зомбулук тууралуу изилдөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгы албетте ич жылытаарлык эмес. Анткени ар бир тогузунчу киши бул нерсени кадимкидей эле көрүнүш катары кабыл алат экен. Тилекке каршы, "эмне болуптур күйөөсү аялын ур-тепкиге алса" деген жарандарыбыз да жок эмес. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук бул басмырлоонун бир түрүнө кирет. Соңку жылдарда бул нерседен аялы, же күйөөсү гана жабыр тартпастан, эми балдары да зордук-зомбулукка дуушар болуп жатканы өкүнүчтүү", — деди Рыскулова.

Ал зомбулукка кайдыгер мамиле жасап, аягы өлүм менен аяктап жаткан учурлар да жок эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0