Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив

Бообекова: уул бала атасын карап ага окшош болгусу келер-келбесин чечет

125
(жаңыланган 14:53 04.10.2018)
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова ата-эненин баласына болгон мамилеси анын жашоодо ийгиликтүү же ийгиликтүү эмес болоруна негиз түзөрүн айтты.

Психология илиминде кыз киши алгач атасына, уул бала апасына жакын болуп, белгилүү бир убакыттан кийин бул нерсе алмашат. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уул бала атасын карап ага окшош болгусу келер-келбесин чечет.

"Уул бала атасы күчтүү болсо ага окшош болууну самайт. Ошондуктан ата менен баланын мамилеси коомго чыныгы эркекти тарбиялап чыгарууда өтө маанилүү. Атасы баласын кичинесинен баштап эмне иш кылса жанында алып жүрүп үйрөтүп, мактап турушу керек. Мисалы, жөнөкөй эле үйгө мык кагууда "экөөбүз чогуу жасадык эле жакшы болду" деген сыяктуу сөздөрдү айтып турушу керек. "Балам жардам берди" деген сөздү кичинесинен бери угуп баштаган болсо, анда өзүнө болгон ишеними пайда болот. Бала атанын алкоосуна дайым муктаж. "Сенин башың иштебейт", "Сен жашсың" дебей, балага кичинесинен тарта өзү чечим чыгарганга шарт түзүп берсек, жыйынтыгында бир үй-бүлөнү башкарып кете ала турган мырза чоңоет", — деди психолог.

Ал кээ бир чечимдерди чыгарууда ата-эне жаш балага эркиндик бериши керектигин кошумчалады.

125
Белгилер:
тарбия, психология, ата-эне
Тема боюнча
Бообекова: кээ бир чечимдерди чыгарууда ата-эне балага эркиндик бериши керек
Асылбаева: балдардын көбү түнт жана агрессивдүү болуп чоңоюуда