Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраимов: "дарыгерлерге акча бериш керек" деген нерсе элдин мээсине сиңген

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава общественного объединения "Надежда на жизнь" Уран Ибраимов.
Глава общественного объединения Надежда на жизнь Уран Ибраимов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жашоого үмүт" коомдук бирикмесинин төрагасы Уран Ибраимов дарыгерлердин айлыгы үй-бүлөсүн багууга жетпей турганын айтты.
Ибраимов: "дарыгерлерге акча бериш керек" деген нерсе элдин мээсине сиңген

Ооруканага барган кишинин мээсине "дарыгерлерге акча бериш керек" деген түшүнүк сиңип калган. Бул тууралуу Уран Ибраимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир чети дарыгерлерди буга эл өзү көндүрүп койгон.

"Биринчиден, алыскы эмес, коңшу эле мамлекеттерге салыштырмалуу биздин ооруканалардын абалы төмөн. Экинчиден, анда иштеп жаткан дарыгерлердин айлыгы үй-бүлөсүн багууга жетпейт. Орто эсеп менен алар 15 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Ошондуктан саламаттык сактоо тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлер дарыканалар менен иштешип, бейтаптар сатып алган дары-дармектен бонус топтошот. Ошол эле учурда ооруканага барган ар бир жарандын мээсинде "дарыгерге акча бериш керек" деген түшүнүк сиңип калган. Эгер ошол акчаны берип, бейтап жакшы болуп кетсе башка нерсе. Бирок толук кандуу айыкпай, акча бергенине нааразы болгондор да канча", — деди Ибраимов.

Ал саламаттык сактоо министрлиги ар бир оорукананын алдында камкорчулар кеңешин түзүү сунушун кабыл алгандыгын, эми алар иштей баштаса дарыгерлердин да, бейтаптардын да укуктары корголо баштай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0