Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: Кыргызстан тойлордун державасына айланып баратат

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков ысырапкорчулук менен той өткөрүүнү токтотуу зарылдыгын айтты.
Кадырбеков: Кыргызстан тойлордун державасына айланып баратат

Россия аскерий, Кытай космос техникаларынын державасы болсо, Кыргызстан тойлордун державасы болуп баратат. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ал чет мамлекетте түрдүү кыйынчылыктарга чыдап иштеп жүргөн мигранттардын акчасын келечектүү иштерге жумшоо керектигин белгиледи.

"Ысырапкорчулук эң жаман илдет. Ал эч качан, эч кимге пайда алып келген эмес. Ага башкы мисал катары тойлорду айтса болот. Россия аскерий, Кытай космостук техникалардын державасы болсо, биз тойлордун державасына айланып баратабыз. Чет мамлекетте кыйналып иштеп жүргөн мигранттардын акчасын бул жактагы туугандары той өткөрүп эле жок кылып коюп жатат. Бири-бирибизден ашыра той берип, керексиз нерселерге каражат коротуп мактангандан эмне пайда? Андан көрө кошунам 100 китеп окуп коюптур, мен 105 китеп окуюнчу деп атаандаша турган коомду жаратпайлыбы. Ошондо гана өлкө келечегин кура алабыз", — деди Кадырбеков.

Ал коомдуу тарбиялоодо ар ким өзүнөн башташы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0