Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султангазиев: ар бир оорукананы көзөмөлдөөчү комиссия түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава общественного совета Минздрава Айбар Султангазиев
Глава общественного совета Минздрава Айбар Султангазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев түзүлгөн комиссия жаңы жылдан кийин иштеп баштаарын айтты.
Султангазиев: ар бир оорукананы көзөмөлдөөчү комиссия түзүлөт

Саламаттык сактоо министрлиги ар бир оорукананын алдында камкорчулар кеңешин түзүү сунушун кабыл алды. Бул тууралуу Айбар Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул кеңештин мүчөлөрү 8-октябрда шайланмакчы.

"8-октябрда тегерек стол өткөрүп, ооруканаларды көзөмөлдөөчү кеңештин мүчүлөрүн аныктайбыз. Анда ар тармакта иш алып барган, медицина жаатын жакшы түшүнгөн жарандар иш алып бармакчы. Ишке кызыгуусу күч болгон кишилерди шайлоо каралууда. Алар материалдык тарапка кызыкпастан, объективдүүлүктү сактоого тийиш. Мындай көзөмөлдөөчү кеңеш саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны азайтуу максатында түзүлүп жатат", — деди Султангазиев.

Ал бул кеңеш бюджеттин сарпталышын көзөмөлгө аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0