Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: ишкерликтин айрым тармактарында көмүскө экономика 80 пайызга жетет

© Sputnik / Исмаил МамытовПрезидент союза предпринимателей и ювелиров Сталбек Акматов
Президент союза предпринимателей и ювелиров Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сталбек Акматов ишкерлердин көбү салыктарды мыйзам жүзүндө эмес, тааныш аркылуу төгүүнү ылайык көрөрүн айтты.
Акматов: ишкерликтин айрым тармактарында көмүскө экономика 80 пайызга жетет

Статистика боюнча Кыргызстанда көмүскө экономика 60 пайызды түзөт, бирок иш жүзүндө 70-80 пайызга жетет. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерликти көмүскө экономикадан чыгаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер менен ишкерлер бирдикте аракет көрүүсү зарыл. Эки тарап бири-бирин күнөөлөп отура бергенден майнап чыкпайт.

"Бизде тууган, тааныш аркылуу сүйлөшө коюп иш бүтүрүү каныбызга сиңип калган окшойт. Бизнесте да ушул адатыбызды колдоно коебуз. Азыр көмүскө экономика 60 пайызды түзөт деп жатабыз, бирок айрым тармактарда 80 пайызга жетет. Буга кайсы бир органдардын өкүлдөрү да, ишкерлер да күнөөлүү", — деди Акматов.

Ал тийиштүү мыйзамдар жеңилдетилгенин айтып, ишкерлерди бизнести ачык жүргүзүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0